2025–2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы
Талды-Булак айыл аймагы
Программа айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана экономикалык активдүүлүктү кеңейтүү максатында иштелип чыккан.
Программанын негизги багыттары:
- Айыл чарбасын өнүктүрүү жана ишкерлерди колдоо;
- Жол, суу, жарык жана башка инфраструктуралык объекттерди жакшыртуу;
- Билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу;
- Жаштар саясаты жана маданий демилгелерди өнүктүрүү;
- Экологияны жана жаратылыш ресурстарын коргоо.
Ар бир багыт боюнча иш-чаралардын мөөнөтү, каржылоо булактары жана жооптуу аткаруучулар көрсөтүлгөн.
Бекитилген: Талды-Булак айылдык кеңешинин чечими №4/3, 2025-жылдын 10-октябры.
Жооптуу аткаруучу: Талды-Булак айыл өкмөтүнүн аппараты.