2025–2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы
Талды-Булак айыл аймагы

Программа айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана экономикалык активдүүлүктү кеңейтүү максатында иштелип чыккан.

Программанын негизги багыттары:

  • Айыл чарбасын өнүктүрүү жана ишкерлерди колдоо;
  • Жол, суу, жарык жана башка инфраструктуралык объекттерди жакшыртуу;
  • Билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу;
  • Жаштар саясаты жана маданий демилгелерди өнүктүрүү;
  • Экологияны жана жаратылыш ресурстарын коргоо.

Ар бир багыт боюнча иш-чаралардын мөөнөтү, каржылоо булактары жана жооптуу аткаруучулар көрсөтүлгөн.

Бекитилген: Талды-Булак айылдык кеңешинин чечими №4/3, 2025-жылдын 10-октябры.
Жооптуу аткаруучу: Талды-Булак айыл өкмөтүнүн аппараты.