13-октябрь 2025-жыл.
Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Мидин Аскербекович Токчулуков «Кара-Балтажолкурулуш» ЖЧКсы тарабынан Кайырма айылынын Жетиген көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан 540 метрлик асфальт төшөө иштери менен жеринен таанышып, сапатка өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
Бул долбоор Талды-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасына ылайык ишке ашууда. Айыл ичиндеги жолдорду жакшыртуу – жергиликтүү калктын жашоо сапатын жогорулатуунун маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Башчы иштердин жүрүшүн жеке көзөмөлгө алып, курулуштун мөөнөтүн жана сапатын аткаруучу компания менен биргеликте талкуулады.
(Булак: Талды-Булак айыл өкмөтү)



