1-сентябрь 2025-жыл.
Бүгүн Талды-Булак айыл аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылынын башталышына арналган Билим күнү салтанаттуу түрдө белгиленди.
Иш-чараларга айыл өкмөтүнүн башчысы Токчулуков Мидин Аскербекович жана айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери катышып, мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди жаңы окуу жылы менен куттукташты.
Майрамдык маанайда өткөн иш-чараларда ыр-күүлөр жаңырып, окуучулар жаңы билим жолуна дем алып киришти.
(Маалымат булагы: Талды-Булак айыл өкмөтү)



