19 август 2025-жыл.
Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Мидин Аскербекович Токчулуков Кайырма айылындагы “Келечек” көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан жарыктандыруу жана электр кубаттуулугун камсыздоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Ал иштин сапатына өзгөчө көңүл буруп, аткаруучу тарапка жарык берүү системасынын узак мөөнөттүү жана коопсуз болушуна көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Бул иш-чара Талды-Булак айыл аймагынын 2025-жылдагы социалдык-инфраструктуралык өнүгүү планынын алкагында жүргүзүлүүдө жана айыл ичиндеги жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.
(Маалымат булагы: Талды-Булак айыл өкмөтү)


