21 июль 2025-жыл.

Талды-Булак айыл аймагындагы Сосновка орто мектебине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 319,6 миң сом каражат бөлүнүп, жаңы эмеректер сатылып алынды.

Бул демилге мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Айыл өкмөтү билим берүү тармагындагы иш-чараларды колдоо аркылуу жаш муундун сапаттуу билим алуусуна өбөлгө түзүүдө.

(Маалымат булагы: Талды-Булак айыл өкмөтү)