Талды-Булак айыл аймагында кечки маалда той, маараке жана башка салтанаттарды өткөрүүнү пландап жаткан жарандарыбызга кайрылабыз.

Той, маараке жана башка иш-чараларды той ээси жана тамада саат 17:00дө баштап, 22:00гө чейин толук жыйынтыктоону өтүнөбүз.

Белгиленген тартипти бузуп, саат 22:00дөн кийин ишин уланткан тойкана жана уюштуруучуларга административдик айып пул салынат.

Бул чектөө түнкү тынычтыкты сактоо, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо максатында киргизилгенин эскертебиз.

Айылыбыздын бейпилдигин сактоо — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.

Талды-Булак айыл өкмөтү