Улук административдик кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

Талды-Булак айыл өкмөтүндө төмөнкү кызмат орундары бош:

  1. Коомдук коопсуздук жана кирешелер боюнча башкы адис (У-Б)
  2. Коомдук саламаттыкты сактоо, социалдык жана маданий маселелер боюнча башкы адис (У-Б)
  3. Бөлүм башчысы (У-А)
  4. Санариптештирүү жана IT-технологиялар, чыгымдар жана сатып алуулар боюнча башкы адис (У-Б)

Кесиптик билим деңгээли:

– тиешелүү тармактагы жогорку билим (укук, экономика, мамлекеттик башкаруу, IT, социалдык, педагогикалык, табият таануу ж.б.)

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– 1 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызмат стажы же
– 3 жылдан кем эмес тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш стажы.


Кесиптик компетенциялар:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларды билүү;
– маалыматтарды талдоо жана системалаштыруу жөндөмү;
– ченемдик документтер менен иштей билүү;
– компьютердик жана уюштуруучу техника менен иштей билүү;
– коммуникация жана иштиктүү сүйлөшүү көндүмдөрү.


Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

📌 Маанилүү: квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандардын документтери кабыл алынбайт.


📅 Документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.

📍 Дарек: Талды-Булак айылы, айыл өкмөтүнүн имараты.
📞 Байланыш телефондор:0(3133)70046
🕓 Иш убактысы: 08:30 – 17:30

Сынактын так күнү талапкерлерге кошумча кабарланат.

––––––––––––––––––––––––––––––––
Талды-Булак айыл өкмөтү