2025-жылдын 27-октябрында Талды-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сосновка айылындагы жаңгак токойунда белгисиз себептерден улам өрт чыккан.

Өрт тууралуу маалымат жергиликтүү тургундар тарабынан ыкчам түрдө тиешелүү кызматтарга билдирилген. Окуя болгон жерге Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери, токой чарбасынын адистери жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү биргеликте чыгып, өрттү өчүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Координацияланган жана ыкчам аракеттердин натыйжасында өрт толугу менен өчүрүлдү. Учурда кырдаал көзөмөлгө алынып, кошумча коркунуч жок.

Талды-Булак айыл өкмөтү жарандарды өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоого жана өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда дароо тиешелүү кызматтарга билдирүүгө чакырат.