Кайырма айылынын спорт залында машыгып жүргөн жаш улан-кыздар MMI боюнча өткөрүлгөн чемпионатта ийгиликтүү чыгып, алдыңкы орундарды ээлешти.

Туруктуу машыгуунун, тартиптин жана машыктыруучулардын тынымсыз эмгегинин аркасында жаш спортчулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтө алышты. Бул жетишкендик айыл жаштары үчүн чоң дем-күч болуп, спортко болгон кызыгууну дагы арттырды.

Талды-Булак айыл өкмөтү жеңишке жеткен спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын чын жүрөктөн куттуктайт жана келечекте дагы чоң ийгиликтерди каалайт.