2025-жылдын 24-декабрында, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. К. Осмоновдун тапшырмасынын негизинде Талды-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бекитай айылынын ички жолдорун ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүп, учурда аягына чыгууда.

Ирээтке келтирүү иштери 2025-жылдын 20-декабрында башталып, жолдорду тегиздөө жана абалын жакшыртуу боюнча тиешелүү иштер аткарылууда.

Белгилей кетсек, бул иштер бир убакта Бөксө-Жол жана Кайырма айылдарындагы ички жолдордо да жүргүзүлүп жатат. Максат — айыл тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жол шарттарын түзүү.

Талды-Булак айыл өкмөтү калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган инфраструктуралык иштерди мындан ары да улантат.