Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы И.А. Бурканов өзүнүн жеке атынан Талды-Булак айыл аймагына караштуу Сосновка айылында жайгашкан «Явна» кайрымдуулук фондуна жаңы жылга карата белектерди жөнөттү.
Белектер фонддо тарбияланып жаткан балдарга жаңы жылдык майрамдык маанай тартуулап, камкордук менен колдоонун символу болду.


Эске сала кетсек, «Явна» кайрымдуулук фонду 2000-жылдан бери Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Фонддун негизги максаты — ата-эненин камкордугунан калган балдарды багып, аларга үй-бүлөлүк шартта тарбия берүү жана толук кандуу өнүгүүсүнө шарт түзүү.
Талды-Булак айыл өкмөтү социалдык маанилүү иштерге кошкон салымы үчүн район жетекчилигине ыраазычылык билдирет жана мындай кайрымдуулук демилгелер мындан ары да уланарына ишеним артат.