Талды-Булак айыл аймагында калктын жашоо шартын жакшыртууга, социалдык объекттерди жаңылоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган бир катар иштер аткарылды жана улантылууда.

2026-жылы айыл аймагында билим берүү, саламаттык сактоо, коммуналдык инфраструктура, таза суу, инвестиция жана калкка кызмат көрсөтүү багыттары боюнча маанилүү долбоорлор ишке ашырылды.

Социалдык тармакта Сосновка айылындагы «Ласточка» бала бакчасынын имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, чатыр, жылытуу жана суу менен камсыздоо системалары, электр тармактары, терезе жана эшиктер жаңыланды. Долбоор толук аяктагандан кийин бала бакчада 250 орун түзүлүп, кошумча 20–25 жумуш ордун ачуу күтүлүүдө.

Бекитай айылында талапка жооп бербеген эски ФАПтын ордуна модулдук медициналык пункт сатып алынып, орнотулду. Долбоордун жалпы суммасы 3 599 400 сомду түзүп, анын 2 295 473 сому Чүй облусунун өнүктүрүү фондунан каржыланган. Жаңы ФАП калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, Сосновка айылындагы «Колосок» бала бакчасынын чатыры алмаштырылып, орто мектептин аймагы асфальтталып жана көрктөндүрүлдү. Кайырма айылындагы спорт зал оңдолуп, пол жабуусу жаңыланып, спорттук инвентарлар жана тренажёрлор орнотулду. Сары-Булак айылындагы мектептин чатыры да толугу менен алмаштырылды.

Инфраструктура багытында Сосновка айылынын Восточно-Октябрьская көчөсүнө электр линиясы тартылып, көп жылдан бери электр энергиясы жетпеген тургундар электр менен камсыз болду. Ошондой эле айыл аймагындагы 6 айылда балдар үчүн оюн аянтчалары орнотулду.

Калкка коммуналдык кызматтарды жакшыртуу максатында донордук каражаттардын эсебинен ассенизатордук автоунаа жана дөңгөлөктүү экскаватор алынган. Бул техникалар айыл аймагындагы тейлөө иштеринин сапатын жана ыкчамдыгын жогорулатууга багытталган.

Кайырма айылында мөмө-жемиштерди сактоо жана экспорттоого шарт түзүү үчүн тез тоңдуруучу муздаткыч камеранын кубаттуулугу кеңейтилди. Натыйжада малина жана башка мөмө-жемиш өстүргөн дыйкандар үчүн продукцияны сактоо жана андан ары сатуу мүмкүнчүлүктөрү жакшырды.

Муниципалдык кызматтарды санариптештирүү багытында «Түндүк», «Санарип аймак», «ЦБУ», «ЕРН», «Е-кызмат» системалары киргизилип, жарандардын маалымкаттарды электрондук форматта алуусуна шарт түзүлдү. Бул айыл өкмөтүнө атайын барууга кеткен убакытты жана чыгымды азайтууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле таза суу маселесин чечүү максатында төрт айылда суу түтүк тармактарын реконструкциялоо, суу алуучу жайларды жана суу түтүк системаларын куруу иштери жүргүзүлдү. Аткарылган иштердин натыйжасында калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу жакшыртылды.

Талды-Булак айыл өкмөтү мындан ары да калктын көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана айылдарда коопсуз, ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүгө багытталган иштерди улантат.