Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Узакбаев Чүй облусуна караштуу Жайыл районуна иш сапары менен барып, жергиликтүү калктын көйгөйлөрү жана социалдык объектилердин абалы менен жеринде таанышты.
Тагыраагы, эл өкүлү Талды-Булак, Моңолдор жана Сары-Булак айылдарында болуп, айылдык кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууларга Жайыл районунун акими да катышып, аймактагы актуалдуу маселелер талкууланды. Көйгөйлөрдү жеринен көрүп, аларды чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар менен биргеликте иш алып баруу зарылдыгы белгиленди.
Атап айтканда, Талды-Булак айылындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун маселеси көтөрүлдү. Айыл тургундары үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана тиешелүү шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштар айтылды.
Мындан тышкары, айыл өкмөттүн балансындагы 3,60 гектар жер тилкесине байланыштуу жагдайлар да талкууланып, аталган жерге турак жай куруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу, анын ичинен Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу үйлөрдү салуу мүмкүнчүлүгү боюнча сунуштар каралды.
Ал эми Монолдор айылында жергиликтүү мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу талабы көтөрүлүп, кошумча окуу бөлмөлөрүн куруу жана спорт зал салуу керектиги белгиленди.
Муну менен катар Сары-Булак айылында жайгашкан Т. Кожомбердиев атындагы мектептин абалы менен таанышуу учурунда билим берүү жайынын капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экендиги аныкталды. Ага ылайык, 250 орунга ылайыкталып 1991-жылы курулган мектептин имаратын жаңыртуу үчүн республикалык бюджеттин эсебинен каражат бөлдүртүү сунушу көтөрүлдү.
Өз кезегинде депутат Улукбек Узакбаев көтөрүлгөн маселелердин ар бирин тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирүү менен алардын чечилишин көзөмөлгө алуу боюнча керектүү иштер жүргүзүлөрүн билдирди. Айрыкча жолугушуунун жүрүшүндө айтылган сунуштар жана көйгөйлөр боюнча тиешелүү органдар менен мындан ары да системалуу иш алып баруу тууралуу макулдашылды.




