Урматтуу Талды-Булак айыл аймагынын тургундары жана коноктору!
Талды-Булак айыл аймагында кечки маалда той, маараке жана башка салтанаттарды өткөрүүнү пландап жаткан жарандарыбызга кайрылабыз. Той, маараке жана башка иш-чараларды той ээси жана тамада саат 17:00дө баштап, 22:00гө чейин толук жыйынтыктоону өтүнөбүз. Белгиленген тартипти бузуп, саат 22:00дөн кийин ишин уланткан тойкана жана уюштуруучуларга административдик айып пул салынат. Бул чектөө түнкү тынычтыкты сактоо, жарандардын коопсуздугун жана […]
23.08.2025-ж. Талды-Булак айыл аймагында жалпы элдик ишембилик өткөрүлөт
Урматтуу Талды-Булак айыл аймагынын тургундары! 2025-жылдын 23-август күнү (ишемби) Талды-Булак айыл аймагында жалпы элдик ишембилик өткөрүлөт. Иш-чаранын негизги максаты — айылдын көчөлөрүн, коомдук жайларын жана билим берүү мекемелеринин айланасын тазалоо, жашылдандыруу иштерин уюштуруу. Ар бир тургундун катышуусу маанилүү!Айылыбызды таза, кооз жана жашоого ыңгайлуу кылуу — ар бирибиздин милдетибиз. Башталышы: саат 09:00Жайы: айыл өкмөтүнүн имаратынын алдында […]
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ 1-ИЮЛДАН ТОКТОЙТ
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү» Мыйзамынын, жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2025-жылдын 28-майындагы №284 токтомунун негизинде, арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунан токтотуларын кабарлайбыз. Ошондуктан жогорудагы мыйзамдардын талаптарына туура келген— өзүм билемдик менен курулган же […]