Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү» Мыйзамынын, жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2025-жылдын 28-майындагы №284 токтомунун негизинде, арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунан токтотуларын кабарлайбыз.

Ошондуктан жогорудагы мыйзамдардын талаптарына туура келген
өзүм билемдик менен курулган же курулушу бүтпөй калган жеке турак үйлөрү бар,
айыл чарба өндүрүшүнө пайдаланууга жараксыз, шахмат түрүндөгү бош жерлери бар
жарандар райондук жер мунапысы комиссиясына арыз менен 2025-жылдын 1-июлуна чейин кайрылуусу керек экенин эскертебиз.

Эскертүү: 28-, 29- жана 30-июнь күндөрү Талды-Булак айыл өкмөтүнүн жер адистери графикке ылайык күчөтүлгөн тартипте иштешет. Жарандар ушул күндөрү кайрылса болот.

––––––––––––––––––––––––––––––––