Урматтуу Талды-Булак айыл аймагынын тургундары!

2025-жылдын 23-август күнү (ишемби) Талды-Булак айыл аймагында жалпы элдик ишембилик өткөрүлөт.

Иш-чаранын негизги максаты — айылдын көчөлөрүн, коомдук жайларын жана билим берүү мекемелеринин айланасын тазалоо, жашылдандыруу иштерин уюштуруу.

Ар бир тургундун катышуусу маанилүү!
Айылыбызды таза, кооз жана жашоого ыңгайлуу кылуу — ар бирибиздин милдетибиз.

Башталышы: саат 09:00
Жайы: айыл өкмөтүнүн имаратынын алдында чогулуш
Керектүү шаймандарды (күрөк, шыпыргы, баштык ж.б.) өзүңүз менен ала келсеңиз жакшы болот.

Тазалык — тартиптин белгиси!

Бардыгыңыздарды активдүү катышууга чакырабыз!

Талды-Булак айыл өкмөтү