Кайырма, Бөксө-Жол жана Бекитай айылдарындагы ичүүчү суу түтүктөрүн жаңылоо

АРИС уюмунун жардамы менен Талды-Булак айыл аймагына караштуу Кайырма, Бөксө-Жол жана Бекитай айылдарында жалпы баасы 64,0 млн. сом болгон ичүүчү суу түтүктөрүн жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда суу түтүктөрүн тесттик сыноодон өткөрүү, кудуктарды текшерүү жана короо-жайларга туташтыруу иштери жүрүп жатат. Бюджет: 64 000 000 сом — АРИС “Таза Суу” долбоору аркылуу. Аяктоо датасы: 2025-жылдын IV чейреги

«Бир айыл – бир продукт»: Кайырма айылындагы жер-жемиштерди тоңдуруу камерасын иштетүү

Талды-Булак айыл аймагындагы Кайырма айылында жергиликтүү дыйкандардын эмгегин колдоо жана айыл чарба продукциясын сактоо максатында жер-жемиштерди тоңдуруу камерасын иштетүү долбоору ишке ашырылууда. Долбоор АРИС программасынын алкагында ишке киргизилип, учурда электр энергиясын туташтыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бюджет: 2 630 122 сом, анын ичинде: Аяктоо датасы: 2025-жылдын IV чейреги

Элди “Таза Суу” менен камсыздоо

АРИС уюмунун “Таза Суу” долбоорунун алкагында Талды-Булак айыл аймагындагы Сосновка айылында жалпы сметалык баасы 138,0 млн. сом болгон, узундугу 37 км суу түтүктөрүн жаңылоо иштери жүрүп жатат. Учурда суу түтүктөрүн тесттик сыноодон өткөрүү, кудуктарды текшерүү жана короо-жайларга туташтыруу иштери аткарылууда. Башкы суу сактагыч курулушунун 80%ы бүткөрүлдү. Бюджет: 138 000 000 сом — АРИС “Таза Суу” […]

Бөксө-Жол айылына кичи футбол аянтчасын куруу иштери башталды

Талды-Булак айыл аймагында жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзүү максатында Бөксө-Жол айылында кичи футбол аянтчасынын курулушу башталды. Бул долбоор спортту өнүктүрүү жана аймактагы жаштарды сергек жашоого үндөө максатында ишке ашырылууда. Бюджет: 1 700 000 сом — Республикалык бюджет. 📅Аяктоо датасы: 2025-жылдын 4-чейреги