АРИС уюмунун “Таза Суу” долбоорунун алкагында Талды-Булак айыл аймагындагы Сосновка айылында жалпы сметалык баасы 138,0 млн. сом болгон, узундугу 37 км суу түтүктөрүн жаңылоо иштери жүрүп жатат. Учурда суу түтүктөрүн тесттик сыноодон өткөрүү, кудуктарды текшерүү жана короо-жайларга туташтыруу иштери аткарылууда. Башкы суу сактагыч курулушунун 80%ы бүткөрүлдү.
Бюджет:
138 000 000 сом — АРИС “Таза Суу” долбоору аркылуу.
Аяктоо датасы:
2025-жылдын IV чейреги
