Улук административдик кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:
Талды-Булак айыл өкмөтүндө төмөнкү кызмат орундары бош:
- Коомдук коопсуздук жана кирешелер боюнча башкы адис (У-Б)
- Коомдук саламаттыкты сактоо, социалдык жана маданий маселелер боюнча башкы адис (У-Б)
- Бөлүм башчысы (У-А)
- Санариптештирүү жана IT-технологиялар, чыгымдар жана сатып алуулар боюнча башкы адис (У-Б)
Кесиптик билим деңгээли:
– тиешелүү тармактагы жогорку билим (укук, экономика, мамлекеттик башкаруу, IT, социалдык, педагогикалык, табият таануу ж.б.)
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– 1 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызмат стажы же
– 3 жылдан кем эмес тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш стажы.
Кесиптик компетенциялар:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларды билүү;
– маалыматтарды талдоо жана системалаштыруу жөндөмү;
– ченемдик документтер менен иштей билүү;
– компьютердик жана уюштуруучу техника менен иштей билүү;
– коммуникация жана иштиктүү сүйлөшүү көндүмдөрү.
Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:
- Жеке арыз (резюме менен);
- Паспорттун көчүрмөсү;
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- Диплом жана квалификацияны тастыктаган документтер;
- 3×4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
- Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
- Аскердик билет (эгер бар болсо);
- Сунуш каттар (каалоого жараша).
📌 Маанилүү: квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандардын документтери кабыл алынбайт.
📅 Документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.
📍 Дарек: Талды-Булак айылы, айыл өкмөтүнүн имараты.
📞 Байланыш телефондор:0(3133)70046
🕓 Иш убактысы: 08:30 – 17:30
Сынактын так күнү талапкерлерге кошумча кабарланат.
––––––––––––––––––––––––––––––––
Талды-Булак айыл өкмөтү