Талды-Булак айыл өкмөтү — Жайыл районунда “Эң мыкты айыл өкмөтү” деп табылды

2025-жылдын жыйынтыгы менен Жайыл району боюнча жүргүзүлгөн баалоонун негизинде Талды-Булак айыл өкмөтү “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына ээ болду. Бул жетишкендик социалдык-экономикалык өнүгүү, калк менен тыгыз иш алып баруу, инфраструктураны жакшыртуу, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо тармактарындагы аткарылган иштердин жыйынтыгында берилди. 2025-жыл ичинде айыл өкмөт тарабынан: Бул […]
Сосновка айылындагы «Явна» кайрымдуулук фондуна жаңы жылдык белектер тапшырылды

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы И.А. Бурканов өзүнүн жеке атынан Талды-Булак айыл аймагына караштуу Сосновка айылында жайгашкан «Явна» кайрымдуулук фондуна жаңы жылга карата белектерди жөнөттү. Белектер фонддо тарбияланып жаткан балдарга жаңы жылдык майрамдык маанай тартуулап, камкордук менен колдоонун символу болду. Эске сала кетсек, «Явна» кайрымдуулук фонду 2000-жылдан бери Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Фонддун негизги максаты […]
Бекитай айылындагы ички жолдор ирээтке келтирилүүдө

2025-жылдын 24-декабрында, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. К. Осмоновдун тапшырмасынын негизинде Талды-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бекитай айылынын ички жолдорун ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүп, учурда аягына чыгууда. Ирээтке келтирүү иштери 2025-жылдын 20-декабрында башталып, жолдорду тегиздөө жана абалын жакшыртуу боюнча тиешелүү иштер аткарылууда. Белгилей кетсек, бул иштер бир убакта Бөксө-Жол жана Кайырма айылдарындагы ички […]
КӨМҮР БОЮНЧА МААЛЫМАТ

Талды-Булак айыл аймагында «Кыргыз көмүр» ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде топ базалар иштеп жатат. Калк көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздалууда, көмүр жетиштүү көлөмдө бар. 📍 Сосновка айылы Төмөнкү даректерде көмүр сатылууда. Аймактын жашоочулары көрсөтүлгөн даректерге кайрылсаңыздар болот: ▪️ 1-Май көчөсү, №185▪️ А. Сабырбекова көчөсү, №26 Талды-Булак айыл өкмөтү кыш мезгилинде калкты көмүр менен камсыздоо боюнча иштерди […]
«Dance Mix» ыр жана бий ансамбли республикалык сынакта 1-орунду ээледи

Сосновка айылындагы «Dance Mix» ыр жана бий ансамбли республикалык «Бийчи жылдыздар» сынагында кыргыз бийи номинациясы боюнча 1-орунду багындырды. Ансамблдин көркөм жетекчиси — Москаленко Сергей. Жаш өнөрпоздорду жана алардын жетекчисин бул чоң ийгилик менен куттуктайбыз! Мындан аркы чыгармачылык жолунда ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди жана бийик жетишкендиктерди каалайбыз.
Кайырма айылынын жаш спортчулары MMI чемпионатында алдыңкы орундарды багындырышты

Кайырма айылынын спорт залында машыгып жүргөн жаш улан-кыздар MMI боюнча өткөрүлгөн чемпионатта ийгиликтүү чыгып, алдыңкы орундарды ээлешти. Туруктуу машыгуунун, тартиптин жана машыктыруучулардын тынымсыз эмгегинин аркасында жаш спортчулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтө алышты. Бул жетишкендик айыл жаштары үчүн чоң дем-күч болуп, спортко болгон кызыгууну дагы арттырды. Талды-Булак айыл өкмөтү жеңишке жеткен спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын чын […]
Сосновка жана Моңолдор айылдарына ворк-аут аянтчалары орнотулууда

Талды-Булак айыл аймагынын Сосновка жана Моңолдор айылдарында калктын ден соолугун чыңдоого багытталган ворк-аут аянтчаларын орнотуу иштери башталды. Долбоор Чүй облустук өнүгүү фонду аркылуу каржыланып, жалпы баасы 1 млн 500 миң сомду түзөт. Аянтчалар заманбап спорттук жабдуулар менен жабдылып, жаштарга жана бардык курактагы жарандарга ачык болот. Бул демилге сергек жашоо образын жайылтууга, жаштарды спортко тартууга жана […]
Сосновка айылындагы жаңгак токойунда чыккан өрт өчүрүлдү

2025-жылдын 27-октябрында Талды-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сосновка айылындагы жаңгак токойунда белгисиз себептерден улам өрт чыккан. Өрт тууралуу маалымат жергиликтүү тургундар тарабынан ыкчам түрдө тиешелүү кызматтарга билдирилген. Окуя болгон жерге Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери, токой чарбасынын адистери жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү биргеликте чыгып, өрттү өчүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. Координацияланган жана ыкчам аракеттердин натыйжасында өрт […]
Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М.А.Токчулуков «Кара-Балтажолкурулуш» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жаткан долбоор менен жеринде таанышты

13-октябрь 2025-жыл. Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Мидин Аскербекович Токчулуков «Кара-Балтажолкурулуш» ЖЧКсы тарабынан Кайырма айылынын Жетиген көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан 540 метрлик асфальт төшөө иштери менен жеринен таанышып, сапатка өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Бул долбоор Талды-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасына ылайык ишке ашууда. Айыл ичиндеги жолдорду жакшыртуу – жергиликтүү калктын жашоо сапатын жогорулатуунун маанилүү […]
Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М.А. Токчулуков №13 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын абалы менен таанышты

12-октябрь 2025-жыл. Талды-Булак айыл аймагындагы №13 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты учурда авариялык абалда турат. Бул абал медициналык кызмат көрсөтүүнүн коопсуздугун жана үзгүлтүксүз ишин камсыздоого тоскоол болуп жатат. Айыл өкмөтүнүн башчысы Мидин Аскербекович Токчулуков жерине барып, абал менен таанышып чыкты. Ал имаратка оңдоо иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, бул багытта тиешелүү көмөк көрсөтөөрүн билдирди. Токчулуков М.А. белгилегендей, […]