17 сентябрь 2025-жыл.

Сары-Булак айылындагы Т.Кожомбердиев көчөсүндө жарыктандыруу иштери толугу менен аяктады. Көчөгө жаңы электр чырактар орнотулуп, түнкү коопсуздукту жана жашоочулардын ыңгайлуулугун камсыз кылат.

Иш-чара Жайыл райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттин каражатынын негизинде ишке ашырылды.

Бул демилге Талды-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-инфраструктуралык өнүгүү планынын алкагында аткарылып, айыл тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

(Маалымат булагы: Талды-Булак айыл өкмөтү)