12-октябрь 2025-жыл.

Талды-Булак айыл аймагындагы №13 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты учурда авариялык абалда турат. Бул абал медициналык кызмат көрсөтүүнүн коопсуздугун жана үзгүлтүксүз ишин камсыздоого тоскоол болуп жатат.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Мидин Аскербекович Токчулуков жерине барып, абал менен таанышып чыкты. Ал имаратка оңдоо иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, бул багытта тиешелүү көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Токчулуков М.А. белгилегендей, айыл өкмөтү тарабынан бул маселени чечүүгө жана калк үчүн коопсуз шарт түзүүгө аракет көрүлөт.

(Маалымат булагы: Талды-Булак айыл өкмөтү)