Талды-Булак айыл аймагынын Сосновка жана Моңолдор айылдарында калктын ден соолугун чыңдоого багытталган ворк-аут аянтчаларын орнотуу иштери башталды.
Долбоор Чүй облустук өнүгүү фонду аркылуу каржыланып, жалпы баасы 1 млн 500 миң сомду түзөт. Аянтчалар заманбап спорттук жабдуулар менен жабдылып, жаштарга жана бардык курактагы жарандарга ачык болот.



Бул демилге сергек жашоо образын жайылтууга, жаштарды спортко тартууга жана айыл аймагындагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
Талды-Булак айыл өкмөтү мындан ары да калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну улантат.