Талды-Булак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 10, 12-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Талды-Булак айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине талапкерлерди киргизүү үчүн төмөнкү административдик муниципалдык кызмат орундарынын топтору боюнча ачык конкурс жарыялайт:
- муниципалдык кызматтын башкы тобундагы бош административдик кызмат орундарын ээлөө үчүн;
- муниципалдык кызматтын улук тобундагы бош административдик кызмат орундарын ээлөө үчүн.
Талды-Булак айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер административдик муниципалдык кызмат орундарына коюлуучу төмөнкү жалпы квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
- соттуулугу болбоого;
- 18 жашка толгон болууга;
- белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө.
Квалификациялык талаптар
1. Билими
Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн төмөнкү мыйзамдарды билүү талап кылынат:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орду
Айыл өкмөт башчысынын орун басары – жооптуу катчы (Б-А) – 1 орун
1. Кесиптик билим деңгээли:
- жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар
Билими:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, ошондой эле төмөнкү мыйзамдарды билүү:
- «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»;
- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
- «Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө»;
- «Аксакалдар соттору жөнүндө»;
- «Тынч чогулуштар жөнүндө»;
- «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө»;
- «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»;
- «Ички миграция жөнүндө»;
- «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө».
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Жөндөмдөрү:
- ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
- талдоо жүргүзүү, болжолдоо жана жалпылоо;
- ыкчам башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
- өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
Көндүмдөрү:
- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
- ишкердик кат алышуу;
- маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
- компьютердик жана кеңсе техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдонуу.
Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмү
Бөлүм башчысы (У-А) – 1 орун
1. Кесиптик билим деңгээли:
- экономика жана финансы, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, салыктар жана салык салуу багыттары боюнча жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар
Билими:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Салык кодексин, «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» кодексин жана төмөнкү мыйзамдарды билүү:
- «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»;
- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»;
- «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»;
- «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө»;
- «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө».
Кызматтык милдеттерин аткарууга зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Жөндөмдөрү:
- маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- аналитикалык документтерди даярдоо;
- тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
- ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- жаңы эмгек шарттарына ыңгайлашуу.
Көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- ишкердик кат алышуу;
- ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
- компьютердик жана кеңсе техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдонуу.
Социалдык маселелер боюнча башкы адис (У-Б) – 1 орун
1. Кесиптик билим деңгээли:
- жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар
Билими:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексин жана төмөнкү мыйзамдарды билүү:
- «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө»;
- «Билим берүү жөнүндө»;
- «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө»;
- «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө»;
- «Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө».
Кызматтык милдеттерин аткарууга зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Жөндөмдөрү:
- маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- аналитикалык документтерди даярдоо;
- тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
- ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- жаңы эмгек шарттарына ыңгайлашуу.
Көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- ишкердик кат алышуу;
- ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
- компьютердик жана кеңсе техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдонуу.
Чыгымдар боюнча башкы адис (К-А) – 1 орун
1. Кесиптик билим деңгээли:
- экономика жана башкаруу, финансы багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар
Билими:
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Мыйзамын билүү.
Кызматтык милдеттерин аткарууга зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.
Жөндөмдөрү:
- маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- аналитикалык документтерди даярдоо;
- тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
- ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- жаңы эмгек шарттарына ыңгайлашуу.
Көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
- компьютердик жана кеңсе техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдонуу.
Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис
1. Кесиптик билим деңгээли:
- юриспруденция, экономика жана финансы багыттары боюнча ушул кызматтын багытына ылайык келген жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар
Билими:
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Мыйзамын билүү.
Кызматтык милдеттерин аткарууга зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.
Жөндөмдөрү:
- маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- аналитикалык документтерди даярдоо;
- тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
- ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- жаңы эмгек шарттарына ыңгайлашуу.
Көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- ишкердик кат алышуу;
- ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
- компьютердик жана кеңсе техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдонуу.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
- жеке арыз;
- кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
- автобиография;
- резюме;
- сүрөт;
- паспорттун көчүрмөсү;
- зарыл болгон кесиптик билимин ырастаган документтер — диплом, нотариалдык жактан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- билими, квалификациясын жогорулатуу, илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
Документтер «Конкурска» деген белги менен көктөмөгө салынып тапшырылышы керек.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.
Ачык конкурска катышууну каалаган бардык жарандар документтерин 2026-жылдын 1-октябрынан 15-октябрына чейин, 15-октябрды кошкондо, саат 09:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруулары керек:
Чүй облусу, Жайыл району, Сосновка айылы, Фрунзе көчөсү, №81.
Маалымат үчүн телефон: (03133) 69-1-21.